Монорим (фр. – өлчөмдүүлүк) – бир гана уйкаштыктан куралган ыр же ырдын бөлүгү. Көбүнчө Чыгыш поэзиясына мүнөздүү. Батышта юмористтик ырлар мына ушундайча уйкашкан учурлар бар. Кыргыз поэзиясында мындай уйкаштык менен жазылган ырлар А. Осмоновдо бир кыйла кездешет.

Күндөр өтөт, күндөр өтөт зуулдап

Көпкө чыккан күлүк аттай дуулдап,

Тоодон түшкөн дарыядай шарылдап,

Шамал соккон токойлордой шуулдап.

(А. Осмонов. «Күндөр»)

А. Осмоновдун ырында «зуулдап», «дуулдап», «шуулдап» деген уйкаштыктар Монорим түзүп жатат. Кыргыз поэзиясында оозеки чыгармачылыкта, ошондой эле элдик ырлардын традициясында жазган акындарда Монорим көп кездешет.

Мисалы: Ш. Дүйшеевдин төмөнкү ыр саптарын келтирсек болот:

Сайдын дагы баштаган башаты бар,

Саяпкердин сактаган такасы бар,

Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,

Өз тилинде чардаган бакасы бар

(«Эне тилин унуткандар»)

Бул төрт сап ырды байланыштырып, «бир үндүү» кылып жаткан «башаты», «такасы», «бакасы» деген Монорим уйкаштыктар. Моноримди кайталап колдонуу поэзиянын ыр түзүлүшүндө бир өңчөйлүктү, бирдей түстүүлүктү жаратышы толук ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004