Монофиситтер (моно... жана гр. physis — жаратылыш, табият) Византияда (Чыгыш Рим империясы) Кон­стантинополь архимандрити Евтихий несторийчиликке жооп катары 5-кылымда түзгөн христиан-филос. окуусун жактоочулар.

«Монофиситтер» термини 7-кылымдын аягынан гана белгилүү. Официалдуу дог­мата карты болуп, Христостун табияты бирөө эле, ал - кудай деп ырасташкан.

Монофиситтер окуусу Египетте, Арменияда кецири тарап, сепаратизм туусуна айланган. Монофиситтер 449-ж. Эфес соборунда жеңишке жетсе, 451-ж. Халкидон соборунда ересь катары айыпталган. Бул курч диний-саясий күрөш чыгарган. 5-кылымдын аягында Монофиситтер Алек­сандрия, Антиохия жана Иерусалимде патриарх тактысын ээлеп, 6-кылымда окуусун Нубияга жана Аравияга тараткан. Византия императорлорунун Монофиситтер менен ыкташууга умтулушу 7-кылымда монофелиттер диний окуусунун калыптанышына көмөктөшкөн. Империянын чыгыш провинцияларын арабдар басып алгандан кийин Монофиситтер Византиядагы базасынан ажырап, Армения, Сирия, Египет жана Эфиопияда гана ишин уланткан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.