Моренамөңгү жылганда аны менен кошо шиленип же мөңгүлөр эрип кеткенден кийин ордунда калган талкаланган кесек тектердин иргелбеген чогундусу. Курамы: кумдуу чопо, кум, мөңгү жылмалаган шагыл жана кой таштардан турат. Пайда болуу шартына жараша эки түргө ажыратылат: 1) аракеттеги моренада талкаланган жана кулап түшкөн тектер мөңгүнүн үстүнөн, арасынан, түбүнөн орун алып, өз ара үстүнкү, ички (арасындагы), түпкү морена деп аталат. Үстүнкү морена мөңгүнүн так ортосу менен эки четинен (жээгинен) орун алат. Ички мореналар кар көчкүлөрү менен кошо кулап келген кесек тектердин тоңуп калышынан пайда болот. Буга үстүнкү жана түпкү мореналар да кошулат. Түпкү мореналар болсо, мөңгү шилеп келген шилендилер болуп эсептелет; 2) чөкмө морена – мөңгү эрип кеткенден кийин анын ордунда чөгүп калган талкаланды тектер. Аракеттеги мореналардан келип чыгат. Мындай мореналар антропоген мезгилинде материктерди каптаган муздардын толук эрип кеткен аймактарында орун алып, алар негизги мореналар болуп саналат.

Морена.

Колдонулган адабияттар түзөтүү