Москаленко, Кирилл Семёнович

Москаленко, Кирилл Семёнович (28. 4(11. 5). 1902-ж. т., Донецкий обл., Красноармейский району, Гришин кыш.) — сов. аскер начальниги, Советтер Союзунун Маршалы (1955), эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1943, 1978),ЧССР Баатыры (1969). 1926-жылдан КПСС мүчөсү.

191820-ж. Гражд. согушка катышкан. Украинанын бириккен Кызыл командирлер окуу жайын (1922), Жумушчу-Дыйкан Кы­зыл Армиясынын курсун (1928), Ф. Э. Дзержинский атн. Артилл. академиянын жог. комсостав факультетин (1939) бүткөн. Совет-финн согушунда (193940) аткычтар дивизиясынын, 1940-ж. корпус артиллериясынын на­чальниги, танкага каршы бригаданын командири.

Улуу Ата Мек. со­гушта (194145) аткычтар жанa кава­лерия корпустарынын, аскерлердин армия тобунун, 38-, 1-танкалык, 1- гвард., 40-армиянын (194243), 1943- жылдан согуш бүткүчө Түш.-Батыш, Сталинград, Воронеж, 1- жанa 4-Украин фронтторунда 38-арнпянын командачысы. Согуштан кийин аскердик жооптуу кызматтарда.

1962-жылдан СССР Коргоо Министерствосунун башкы инспектору жанa СССР коргоо министринин орун басары. 1956-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. СССР Жогорку Советиннн (2—9-шайланган) депутаты. Алты Ленин орденн, Октябрь Революциясы орден, 5 Кызыл Туу, эки 1-дараж. Суворов, эки 1-дараж. Кутузов, 1-да­раж. Богдан Хмельницкий ордендери, медалдар жанa чет элдик бир нече ор­ден, медаль менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.