Москва Кремли – орус архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги. Москванын эң байыркы бөлүгү, өлкөдөгү башкы коомдук саясий, руханий-диний, тарыхый-коомдук комплекс. Анда Орусыя өкмөтүнүн имараттары жайгашкан. Орус Федерасыянын президенти жайгашкан жер. Адегенде Боровицкий дөңсөөсүндө чакан чеп кыштак катары түшкөн. 13-кылымда алгачкы таш храмдар жана Успенье собору (1327), Ионн Лествичник чиркөөсү (1329), Спас собору менен монастыры (1330), Архангел собору (1333) курулган. «Кремль» деген ат 14-кылымда коюлган. Князь Юрий Долгорукийдин (1156) буйругу боюнча Москва Кремли 5–6 эсе кеңейтилген. 14–15-кылымда ак таш менен дубалдар жана мунаралар тургузулган. 16-кылымдын орто ченинде падышалардын резиденциясына айланган. 14–16-кылымда татарлардын жана литвалыктардын бир катар кол салуусуна туруштук берген эң мыкты чептерден болгон. 1487–91-жылы аянты 500 м2ди түзгөн. Кырдуу палата салынган. Сенат имараты классицизм стилинде курулган (Архитектор М. Ф. Казаков). Архитектор К. А. Тондун долбоору боюнча Кремлдин чоң двореци (1839–49) жана Курал-жарак палатасынын жаңы имараты (1844–51) тургузулган. Сенат имаратында орус чеберлеринин эстеликтеринен Падыша-замбирек, Падыша-коңгуроо бар. В. И. Лениндин сунушу боюнча (1918-жылы 17-май) Москва Кремли изилденип, оңдоло баштаган. Совет бийлигинин тушунда Кремлдин съезддер двореци (1959–61), В. И. Ленинге эстелик жана башкалар. көп имараттар, музейлер, эстеликтер тургузулган. Өлкөдөгү зор окуялар (съезд, салтанаттуу чогулуштар, концерттер жана башкалар. иш-чаралар) Москва Кремлинде өтөт. Москва Кремли Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү