Моюн — кишинин көкүрөк клеткасын баш менен кошуп турган дене бөлүгү. Ал үстү жагынан баш сөөгүнүн негизги, төмөн жагынан көкүрөк клеткасынын жогорку тешиги менен чектелген. Моюндун алды дагы алкым же тамакты, арт жагы желке, кежиге же шилини түзөт. Моюн 7 омурткадан турат.Бул омурткалардын каптал урчугундагы тешиги болуп, анда мээни кан менен камсыз кылуучу омуртка артериясы жана венасы жатат. Омуртка каналынын ичиндеги жүлүндөн чыккан нервдер моюн жана ийин нерв чатыштарын түзүп, моюндун тереңинде жатат.

Кишинин моюну
Моюн: 1— моюндун тери алдындагы булчуңу; 2— төш-акыректин урчук сөөгүнүн булчуңу; 3— калкаң сымал без; 4— кекиртек; 5— күрөө тамыр; 6— моюнтурук венасы; 7— жаак алдындагы без.

Биринчи моюн омурткасы атлант деп аталып, желке сөөгү менен ашташып эллипс формасындагы муунду түзөт. Ал муунда алдыга жана артка карай, оңго жана солго кыймыл жасоого мүмкүн. Биринчи моюн омурткасы экинчиси менен ашташып, формасы цилиндрге окшош муунду түзөт, баш атлант менен бирдикте экинчи моюн омуртканын тиш сымал урчугунун тегерегинде, тикесинен кеткен октун айланасында ичке жана сыртка айланып, кайра калыбына келип турат. Моюндун терисинин алдында моюн булчуңдары жайгашкан. Алар сырткы, ортоңку жана моюндун тереңиндеги булчуңдар болуп үч топко бөлүнөт.

Моюндун тереңинде, омуртканын алдындагы булчуңдардын алдында кулкун. кызыл өңгөч, көмөкөй, кекиртек, калкан сымал без, калкан сымал бездин жанындагы без жайгашкан. Бул органдардын эки капталында күрөө кан тамырлар, адашкан нерв, симпаттык өзөк жатат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8