Мудрос жарашуусу (1918) – биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Түркия жеңилгенден кийин Мудрос портунда (Лемнос а.) Улуу Британия менен Түркия өкмөтүнүн өкүлдөрү 1918-жылы 30-октябрда кол койгон жарашуу. Анда Кара деңиз кысыктарын Антантанын аскер флоттору үчүн ачуу, союздаштардын Босфор менен Дарданеллди оккупациялоого укуктуулугу, Хижаз, Ирак, Сирия жана башкалар. жерлердеги түрк аскерлеринин багынуу шарттары белгиленгенетикалыкАл шарттар Түркияны биротоло бөлүп алуу, анын аймагын антисоветтик интервенция үчүн плацдарм катары пайдалануу максатын көздөгөн. Түрк элинин улуттук-бошт. күрөшүнөн улам Мудрос жарашуусу ишке ашпай калган; Мудрос жарашуусунда коюлган маселелер акыры Лозанна тынчтык келишиминде (1923) каралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү