Муз – тоңуп калган суу. Ал кристаллдык (11) жана аморфтук муз болуп бөлүнөт. Муздун түрлөрү: атм. (кар, кыроо, мөндүр), суу музу (суунун үстүндө пайда болгон муз катмары жана суунун ар түрдүү тереңдигиндеги муз), жер астындагы жана мөңгү музу. Жер бетиндеги муздун жалпы көлөмү 30 млн км3, анын көбү уюлдук аймактарда (негизинен Антарктидада, калыңдыгы 4 км) топтолгон. Муз азык-түлүктү тоңдуруп сактоодо, тузсуз суу алууда, медицинада кеңири колдонулат. Географиялык энчилүү ат катары да кеңири таралган: Ак-Муз, Муз-Арт, Муз-Бел, Муз-Булак, Муз-Тоо, Муз-Төр жана башкалар.

Муз.
Муз.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү