Мунай өткөргүч ― мунай жана мунайды кайрадан иштеткенден кийинки продуктуларды, аны өндүрүп алып жаткан аймактан керектелүүчү жерге (анын ичинен темир жол, деңиз транспортторуна) чейин ташуучу курулуштардын комплекси. Буга жер астындагы жана суу алдындагы куурлар, башкы жанаортонку мунай сордуруучу насос станциялары, мунай сакталуучу жанакошумча курулуштар кирет. Магистралдуу өткөргүчтөр нефть менен мунай продуктуларын 2000 кмден алыс аралыкка чейин ташып жеткире алат. Диаметри 200 ммден 1220 ммге, басымы 5–6 Мн/см2 (50–60 кгс/см2) жетет. Мунайды башкы магистралдуу өткөргүчкө жеткизүүдө узундугу ондогон кмге жеткен кошумча өткөргүчтөр колдонулат. Ич ара ташууда промыселдик, заводдук, нефтебазалык түтүктөр пайдаланылат. Түтүктөрдү ар кандай коррозиядан жана жолбун электр тогунан сактоо үчүн антикоррозия, электр-химиялык ыкмалар колдонулат. Тез тоңуучу, бат коюулануучу мунай станцияларда, пункттарда атайын жылытылып коё берилет. Биринчи узундугу 6 кмге жеткен нефть өткөргүч 1865-жылы АКШда курулган. 1878-жылы Бакуда да башталган. 1897-жылдан 1907-жылга чейин В. Г. Шуховдун долбоору менен диаметри 200 мм болгон өткөргүч, Бакудан Батумиге (835 км аралыкка) жеткирилип, 16 станция курулган. Кийин уз. 8527 кмге жеткен Урал – Сибирь (Альметьевск – Горький – Ярославль – Кирши – Рязань, Москва менен бирге); түштүк-батыш (Альметьевскиден Куйбышевге, андан ары «Дружба» – Полоцк – Вентспилс) тарапка 3500 кмге созулган өткөөлдөр курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү