Мунарык, боз түшүү, булаңкыр – айлана ачык болбой, мунар басып, бозоруп турган абал. Мунарык атмосферанын төмөнкү катмарынын абада калкып жүргөн майда катуу заттардын (чаң, түтүн жана башкалар) көп болушунан келип чыгат. Мунарык болгон кезде атмосфера тунарып, 1 км, кээде ага да жетпеген аралык даана көрүнбөй калат. Мунарык көбүнчө чоң шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү аймактарда же ошол тараптан келген аба массаларында байкалат. Токой, чым көң өрттөнгөндө, жанартоо атылганда да пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү