МУРАД ХАН (1805–1844) – Кокон ханы, Алим хандын уулу. 1844-ж. декабрда Шераалы хандын ордуна жети (же он бир) күнгө отурган. Анын тарабында Рахматулла датка жана алайлык кыргыздар турган. Мусулманкул Мурад хандын 200 кыргыз аскерин жеңип, өзүн өлтүрүп, такка 14 жашар Кудаяр ханды отургузган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003