Мургаб району (таж. Ноҳияи Мурғоб), (мурдагы аты: Куш-Суу району)Тажикстандагы Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу Облусунун (ТБАО) үчтөн эки бөлүгүн ээлеген район. Мургаб Районунун аянты 37,300 км² болуп Тажикстан топурагынын 26% камтыйт, бирок калкынын 0,17% гана түзөт. Мургаб Району түндүктөн Кыргызстан, чыгыштан Кытай жана түштүктөн Ооганистан менен чектешет. Мургаб Районунун калкы 15 900 адамды түзөт (1 Үчтүн айы 2020 баалосу). Административдик борбору ― Мургаб шаарчасы.

Мургаб району, ТБӨР, Тажикстан.

Тарых түзөтүү

Памирди кыргыздардын отурукташуусу 14-15-кылымдарга туура келет. Аксак Темир 1389-жылы булгачы кыргыздардын аскерлерин талкалап, туткундарды Алайга жана Памирге жайгаштырган. Памирдеги кыргыздар жөнүндө биринчи жолу эскерүү 1577-жылга туура келет. 1925 жылга чейин Мургаб району Кара-Кыргыз АО курамында болгон.

Калкы түзөтүү

Мургаб районунун негизги жана жергиликтүү калкы ― кыргыздар.

 
Памирдин этнографикалуу картасы — Француз тилинде.