Адышев Муса Мирзапаязович (15.6.1915, Ош облусу, Алай району, Гүлчө кыштагы - 1.1.1979, Фрунзе) — белгилүү илимпоз, геология-минералогия илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), корреспондент мүчө (1954), вице-президенти (1974) ж-а президенти (1978). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975). Жалал-Абад педтехникумун (1935), Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) геология факультетин бүтүргөн (1947). Улуу Ата Мекендик согушка (1941-45) катышкан. Жалал-Абад, Ош облусунда айылдык мектепте мугалим, директор (1935-38), СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Геология институтунун кенже илимий кызматкери (1947), директору (1952), 1954-75-ж. Кыргыз ССР ИАнын Геология институтунун директору болуп ишгеген. Адышев литогенез геохимиясынын өкүлү. Илимий эмгектери негизинен Теңир-Тоодогу байыркы доордо пайда болгон чөкмө тоотектердин геологиясын, беш элементтин (негизгиси урандын) геохимиясын жана кенбайлыктарын изилдөөгө арналган. Теңир-Тоодо кеңири тараган уран, ванадий, молибден жана алтынга бай көмүртеккремнийлүү сланецтер формациясын изилдеп чыккан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975-77), Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Адышевдин ысмынан Кыргыз Республиканын УИАнын Геология институту, Түштүк-Батыш Теңир-Тоодогу кырка тоо жана андагы бийик чоку, ошондой эле Ош техникалык университети, Бишкектеги көчө аталган.

М. Адышев

Эмгектери түзөтүү

  • Металлогения метаморфических и осадочных толщ Тянь-Шаня, в кн.: «Закономерности размещения полезных ископаемых», вып. IX, М., 1970;
  • Четвертичное тектоника Чуйской впадины. Ф., 1988.
  • Современные движения земной коры и сейсмичность (соавтор. В. Е. Цурков). Б.,1992.

Колдонулган адабияттар түзөтүү