Мыйзам чыгаруу бийлиги – бийликти бөлүштүрүүнүн теориясына ылайык, мамлекетте бири-бирин тең салмактап туруучу үч бийликтин бири. Ал өзү мыйзамдарды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктардын жыйындысы, ошондой эле ал ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын тутуму болуп саналат. Демократиялык мамлекеттерде М. ч. б. атайын мыйзам чыгаруу органдары (парламенттер) менен гана эмес, референдумдарды өткөрүү жолу менен түздөнтүз шайлоочулар аркылуу дагы, ал эми айрым учурларда ыйгарым укуктарды же өзгөчө кырдаалдарда мыйзам чыгаруучулукту берүү иретинде аткаруу бийлик органдары аркылуу да ишке ашыралат. Азыркы учурда айрым мамлекеттердин конституцияларында М. ч. б. монарх жана мамлекетке же парламенттин палаталарына жана парламенттин ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин башчысына таандык экени тууралуу жобо камтылган. Чексиз монархияда жеке монархка гана таандык.

Мамлекеттик мыйзамдарды кабыл алуу Мыйзам чыгаруу бийликтин негизги иши. Азыркы кездеги Мыйзам чыгаруу бийлик парламентаризмдин өнүгүшү менен байланышкан. Алгач парламенттердин бири – британдык, ал XIII кылымда пайда болуп, эки палатадан турган: общиналар палатасы – башында рыцарлар жана бюргерлер ал эми бүгүнкү күндө жалпы эл тарабынан шайланган депутаттардан турат; лорддор палатасы – пирлер жана жогорку чиркөө кызматчылары үчүн, ал эми бүгүнкү күндө ага мүчө болуу же тукуму аристократтар, дин кызматы боюнча, же өлкөнүн алдында сиңирген эмгеги (Мыйзам Те-чер) боюнча жүргүзүлөт. Швед парламенти башында төрт палатадан турган: дворяндар, дин кызматкерлери, бюргерлер жана фермерлер үчүн Өзүнчө болгон.

Парламенттин бийлигинин начарлашы (Францияда ушундай болгон) королдун бийлигинин күчөшүнө алып келген. Королдун бийлигинин күчөшү анын легитимдүүлүгүнүн жоготулушу менен коштолуп, акыры революцияга себеп болгон. Жалпылап айтканда, Европада Мыйзам чыгаруу бийликтин ролу дайыма кеңейип келген. АКШда Мыйзам чыгаруу бийлик аткаруучу бийликтен өзүнчө бөлүнгөн, кеңири полномочиелери бар, конституцияга ылайык биринчи бийлик катары эсептелсе да, Мадисондун кармап туруу жана тең салмактуулук системасына ылайык, бийликтин бөлүнүшүнүн балансын буза албайт. Президент аткаруучу бийликтин башчысы катары Конгресске баш ийбейт, ошол эле учурда конгрессти таркатып жиберүү укугу Президентте жок.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө мурунтан келе жаткан салтка ылайык Мыйзам чыгаруу бийлик аткаруучу бийликтен даана бөлүнгөн эмес, ал эми конституциялык соттор өткөн кылымдын экинчи жарымында гана пайда болгон. Өкмөт башчысынын жана министрлердин парламентке мүчө болушу, Мыйзам чыгаруу бийликтин аткаруучу бийликтин үстүнөн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Британ парламентинде «суроолордун сааты» бар, ал учурда өкмөттүн мүчөлөрү көлөкө кабинеттин мүчөлөрүнүн катышуусу астында оппозициянын суроолоруна жооп беришет. Бул мисал Мыйзам чыгаруу бийликтин европалык системасынын артыкчылыгына кирсе, анда анын төмөнкүдөй кемчилиги бар: бир партия же жеке адам бардык бийликти өз колуна топтоп алышы мүмкүн. Алсак, радикалдык оппозициянын күчөшү, Мыйзам чыгаруу бийликтин начарлашынын натыйжасында центристтер кырдаалды көзөмөлгө ала албай калышып, мыйзамдуу түрдө Гитлер Германияда бийликке келген. Мыйзам чыгаруу ишмердиги ар кайсы өлкөлөрдө ар башка болгону менен мыйзам чыгаруу процессинин бир катар универсалдуу процедуралары бар: мыйзам чыгаруу демилге укугуна ээ субъекттер тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоордун түзүлүшү жана көрсөтүлүшү; комитеттерде жана комиссияларда алдын-ала карап чыгуу; бекитүү. АКШнын конгрессине мыйзам чыгаруу процесси узак жана оор, мыйзам долбоорлору узун жана кыйын жолду басып өтөт. Конгресс кабыл алган мыйзамдын күчүнө кирүү процедурасы да татаал. Ал мыйзам көпчүлүк штаттарда колдоого ээ болушу зарыл. Ал эми Кыргызстанда мыйзам чыгаруу процесси бир кыйла жөнөкөй жана мыйзамдын күчүнө кирүү процедурасы да татаал эмес. Ушундан улам Жогорку Кеңеш кыска убакыттын ичинде көптөгөн мыйзамдарды кабыл алышы жана күчүнө кийириши мүмкүн. Ал мыйзамдардын тууралыгы жана иштеги жыйынтыктары жөнүндөгү маселе башка. Байыркы Грецияда мыйзамдын автору өзүнүн мыйзамы күчүнө киргенден бир жылга дейре анын кесепеттери үчүн жооп берүүгө милдеттүү болгон, муну «Фон парономон» деп аташкан. Мыйзамды даярдоо сапатын жогорулатуу жолдору ар түркүн. Биринчи кезекте Мыйзам чыгаруу бийликтин компетент- түлүгүнө байланыштуу. Мыйзам чыгаруучу жыйынга депутаттыкка талапкерлерди каттаганда жана алар үчүн добуш бергенде билимине жана саясий ишмердүүлүгүнө, тажрыйбасына көңүл буруу зарыл. Парламенттик комитеттердин ишине көп сандаган эксперттерди тартуу жана парламенттин ишин ачык маалымдоо, түз радиотеле берүүлөр каралып жаткан мыйзамдардын сапатын көтөрүүгө көмөктөшөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-статьясына ылайык, Жогорку Кеңеш, Мыйзам чыгаруу бийлик ошондой эле көзөмөлдөө ишин жүргүзөт. 1994-жылы 22-октябрдагы жана 1996-жылы 10-февралындагы референдумдардын жыйынтыгына ылайык, Жогорку Кеңеш эки палатадан турат, мыйзам чыгаруу иши Мыйзам чыгаруучу жыйынга жүктөл

Колдонулган адабияттар түзөтүү