Мөмө багын бутоо - бутагын, бүчүрүн же тубун жарым-жартылай же толук алып таштоо; өсүмдүктү багуунун маанилуу ыкмасы.

  • Анын негизги максаты — мөмө багын ар кыл жаштагы, туура жайгашкан мыкты бутактар менен камсыз кылуу. Жыл сайын куу, мөмөну начар байлаган, такыр мөмөлөбөгөн бутакты кыйып салуу керек. Суюлтуу гүл бучурунун пайда болушуна көмөк берет. Керексиз бу­такты жоонойгондо бутаса, дарак начарлайт, чүнчүйт, тез чирийт жана суукка байымсыз болот.
Алмурут.
  • Мөмө багын бутоодо куураган жана илдеттүү, ошондой эле үшүккө чалдыккан, оролушкан бутак жок кылынат же учунан кесилет. Бутак­ты этиет менен түбунөн көңдөй пайда болбогондой кылып кесүү керек. Себеби, андай көңдөй даракты чиритет. Мөмөлөй баштаган бактын бир жыл­дык бутагынын үчүн кесүүдө сорттун өзгөчөлүгү эске алынат. Бутоо күзүндө, кышында, айрыкча жазында бүчүрлөө алдында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.