Навои (1958-жылга чейин Кермине кыштагы) – Өзбекстандагы шаар (1958). Навои облусунун административдик борбору. Заравшан өрөөнүндө жайгашкан. Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкенттен 360 км түштүк-батышта. Калкы 163,6 миң (2012). Темир жол бекети. Жол тоому. ГРЭС, химиялык, пахта тазалоо, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эки институт (анын ичинен педагогикалык), академиялык лицей, 6 коллеж, китепканалар, 2 музей, театр жана башка бар. Өзбек акыны А. Навоинин ысмынан аталган. Навоиге жакын 10–11-кылымдагы мавзолей жана1558–59-жылдардагы ханака (сыйынуу жайы) сакталган. 2001-жылы А. Навоинин 560 жылдык маарекеси өткөрүлүп, анын айкели орнотулган.

Навои.

Колдонулган адабияттар түзөтүү