НальчикКабарда-Балкар Республикасынын административдик борбору. Россиядагы шаар (1921-жылдан). Нальчик дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 240,8 мин (2010). Машина куруу жана металл иштетүү (ири ишканалары: «Машина куруу заводу», «Терекалмаз» ААК, «Кавказкабель» ЖАК, «Телемеханика»; заводдору: электр-вакуум, ста- нок куруу жана башка), түстүү металлургия, химиялык, тамак-аш-татымал (кондитер азыктары, спирт ичимдиктери, алкоголсуз суусундуктар, жашылча-жемиш консервалары), жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Үч ЖОЖ (анын ичинен Кабарда-Балкар университети), айыл чарбаакадемиясы, музыкалык окуу жайы, консерватория коллеждер, 2 театр, музейлер (анын ичинен край таануу, сүрөт) бар. Бальнеол. жанатоо климаттык курорточо Түндүк Кавказдагы туризм жана альпинизмдин борборлорунун бири. 1817-жылы негизделген.

Нальчик.

Колдонулган адабияттар түзөтүү