"Намыс жана сокур ишеним" (англ. Pride and Prejudice) — Жейн Остиндин 1813-жылы жарык көргөн романтикалык романы. Роман башкы каарман Элизабет Беннеттин эмоционалдык жактан өсүп-жетилишин сүрөттөйт. Ал шашылыш тыянактарды чыгаруунун туура эмес экенин үйрөнүп, окуяны үстүртөн жана өзөгүн билүүнүн айырмасын түшүнөт. Жазуунун күлкүлүү жагы Британиядагы Регенстик доордогу жүрүм-турумдардын, билим берүүнүн, үйлөнүүнүн жана акчанын сүрөттөлүшүндө жатат.

Лоңборн жергесиндеги Беннет мырзанын беш кызы болот, бирок өз мүлкүн ал кыздарынын эч кимисине мурас кылып өткөрүп бере албай турган жагдай жаралып калат. Анын аялынын эч кандай байлыгы жок болгондуктан ал каза болгондо калгандарга жардам бериш үчүн кыздарынын бири турмушка чыгышы өтө маанилүү болот. Бирок Жейн Остиндин "Жакшы байлыкка ээ болгон бир жалгыз бой эркек киши өзүнө жубай издей берсе болот — бул дүйнө жүзүндө кабыл алынган чындык" деген ачылыш сүйлөмүндө шылдың жана шайырдык бар. Роман үй-бүлө курууга каржылык себептер эле түрткү болбошу керек экенин жана жакшы (бай) түгөй табыш үчүн коомдук кысымга карабастан сүйүү маанилүү экенинин айланасында сөз кылат.

"Намыс жана сокур ишеним" адабият тармагындагы окумуштуулардын жана жалпы элдин арасында "эң сүйүктүү китептер" тизмесинин башкы саптарында орун алып заманбап окурмандардын кызыгуусун өзүнө бир калыпта келет. 20 миллиондон ашуун нускасы сатылган китеп англис адабиятындагы эң популярдуу романдардын бири болуп калган жана заманбап адабияттагы көптөгөн архетиптердин пайдубалын түптөгөн. Китепке болгон кызыгуу көптөгөн ылайыкташтырууларга жана Остиндин эсте калган каармандарын же темаларын туураган аябандай көп романдар менен аңгемелерин жаралышына алып келген. 2005-жылы жарык көргөн "Намыс жана сокур ишеним" тасмасы Голливудд китептен ылайыкташтырып тарткан эң соңку тасма болуп саналат. Анда Кира Найтли менен Меттү Макфайден ролдорду аткарышкан.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү