Нариманов, Нариман Кербалай Нажаф оглы [2(14). 4. 1870, Тбилиси — 19. 3. 1925, Москва] — советтик мамл. жана парт, ишмер, жазуучу, публицист.

  • 1905-жылдан Компартия мүчөсү. Майда соодагердин үй-бүлөсүнөн. Гори мугалимдер семинариясын (1890), Новороссийск университетинин мед. ф-тетин (Одесса, 1908) бүтүргөн. 1905-ж. «Гумметке» кирген. РСДРП- нин программасын азербайжан тилине которгон.
  • 1909-ж. камалып, Астраханга айдалган.
  • 1913-жылдан Бакуда парт, иш жүргүзгөн. 1917-ж. «Гуммет» комитетинин председатели жана РСДРП (б) Баку комитетинин мүчөсү, «Гуммет» газетасынын редактору.
  • 1919-жылдан Баку ЭКСтин шаар чарба комиссары, РСФСР тышкы иштер эл комиссариатында бөлүм башчысы, РСФСР эл комиссариатынын орун басары, 1920- жылдан Азербайжан ревкомунун пред-ли, Азерб.
  • ССР ЭКСтин пред-ли. 1922- жылдан ЗСФСР Союздук Советинин пред-ли жана СССР БАКтын пред-лдеринин бири. РКП (б) БК Кавказ бюросунун Закавказ крайлык комитети­нин мүчөсү. РКП (б) нин 12—13-съезддеринде БКнын мүчөлүгүнө кандидат. Драма («Надиршах», «Шамданбек»), роман («Бахадур менен Сона») жана публ. чыгармачылар жазган. Ленин жөнүндө эскерүүлөрдүн автору.

Сөөгү Кремль дубалына коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.