Нарын (айыл)

Нарын, Аксы району‎»‎ барагынан багытталды)

НарынЖалал-Абад облусунун Аксы районундагы эң калкы көп айылдардын бири. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагынын борбору. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 583 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 70 км түштүк-чыгыш тарапта. Облус борбору Жалал-Абад шаарынан 124 км аралыкта жайгашкан. Өзбек Республикасы менен 8,3 км чектешет. Үч-Коргон темир жол бекетинен (Өзбекстан) 3 км. Калкы 9858 (2023)[1], негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектептер 2, китепкана 1, бала бакча 2 (мамлекеттик 1, жеке менчик 1), оорукана 1 (хирургия, терапия, балдар, жуугуштуу оорулар, төрөт үйү бөлүмдөрү бар), дарыкана 5, маданият үйү 1, борбордук мечит 1, кыргыз почта бөлүмү 1, милиция бөлүмү 1, паспорт стол 1, Таза коом маалымат күркөсү 1, техникаларды оңдоо борбору 3, базар 2, соода дүкөндөрү 48, тойкана - ресторандар 2, кафе-чайканалар 5 бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, кафе, чайкана, тегирмен жкмкш күндөрү гана иштейт.

Отурукташкан жай
Нарын
Район Кыргызстан
Координаттар 41°07′38″ с. ш. 72°04′31″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги 583 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 9858 [1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Нарын (айыл) (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.