Нарын мамлекеттик коругу

Нарын мамлекеттик коругу - 1983-жылы түзүлгөн. Коруктун максаты, борбордук Тянь-Шанда кездешкен жаратылыш комплекстерин жана анда жашаган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн сейрек кездешкен түрлөрүн көбөйтүү.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагы бүгүнкү күндө 105519 га түзөт. Коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн- 26 түрү, канаттулардын- 104, балыктардын- 3, сойлоп жүрүүчүлөрдүн- 4, жерде-сууда жашоочулардын – 1 түрү кездешет. Курт-кумурскалар бүгүнкү күндө толук изилденип бүтө элек. Корукта «Кызыл китепке» кирген төмөнкү сүт эмүүчүлөр бар: илбирс, мадыл, сүлөөсүн, күрөн аюу, бугу, марал, кулжа, суусар.

Канаттуулардын төмөнкү түрлөрү кездешет: бүркүт, шумкар, көк жору, көкчулдук, кидик бүркүт, сары үкү, шахин, шумкар, мыкыйүкү, кадимки тартар тоок жана кумай. Корукта өсүмдүктөрдүн 600 ашыктүрү бар.

Маралдык питомниги түзөтүү

Бугу, марал – Кыргызстанда жападан жалгыз Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда сакталган. 1-жолу 1988-жылы маралдык питомниги уюшулган. Питомникти уюштуруу максаты– бугу, маралдарды башка райондорго өстүрүү жана реаклиматизациялаштыруу, мындан тышкары келечекте панты чарбасын өркүндөтүү. Бүгүнкү күндө питомникте 25 дан ашык бугу, маралдар бар.

НГПУ жаратылыш музейи түзөтүү

2003-жылы Нарын коругунун базасында, экологиялык ишмердүүлүк жана жаратылыш дүйнөсү менен кененирээк таанышуу максатында, жаратылыш музейи уюшулган. Музейде Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы жаныбарлардын жана Нарын областынан чыккан баалуу кенбайлыктардын экспонаттары көрсөтүлгөн.

Экологиялык борбор түзөтүү

Эл аралык организация флора-фауна интернешнлдин колдоосу менен 2004-жылы экологиялык борбор уюшулган. Экологиялык борбордун уюшуу максаты окуучуларды, жогорку жана орто окуужайдын студенттерин, жергиликтүү калкты экологиялык жактан билимин өстүрүү. Борбор экология боюнча окуу куралдар менен камсыздалган.

«Бугу-Марал» коомдук уюму түзөтүү

2004-жылдан бери «Бугу-Марал» коомдук бирикмеси Нарындын көп экологиялык көйгөйлөр үнчечүүдө активдүү катышууда. Коомдук бирикмени уюштуруу максаты, калктын экологиялык билимин өстүрүү. Мындан тышкары булишке Нарын областынын ООПТ нын жардамынын катышуусу да бар. НПО Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу менен тыгызбайланышта ишалып барууда.