Насос - сырткы энергиянын жардамы мененсуюктуктарды басым аркылуу шыкап агызууга же сордурууга арналган гидравликалык машина, аппарат же прибор. Насос байыркы замандан эле белгилүү. Байыркы грек механиги Ктесибий өрт өчүргүч насосту (Биздин заманга чейинки 1-кылым) жасаган. 19-кылымга чейин суу көтөргүч машиналар пайдаланылып келген. 18-кылымдын аягынан поршендүү насостор колдонула баштаган. 1838-жылы орус инженери A. А. Саблуков бир баскычтуу, ал эми 1846-жылы америкалык инженер Жонсон көп баскычтуу насос жасаган. Кысылган абанын же башка газдын энергиясы менен скважинадан сууну же нефтини чыгаруу 1897-жылы Бакуда, 1901-жылы АКШда колдонула баштаган. Н. жалпысынан кыймылдаткыч менен иштөөчү насос-машина, энергиялар аркылуу аракетке келтирилүүчү насос-аппарат деп бөлүнөт. Насос-машина калакчалуу, поршендүү, роторлуу, насос-аппарат агымдуу, газлифттүү, кысып чыгаруучу, магнит-гидродинамикалык насос жана башка болуп айырмаланат. Калакчалуу насостун борбордон четтеме, октуу, куюндуу түрлөрү бар. Борбордон четтеме насостор тегеренип туруучу жумушчу дөңгөлөктүн кинетикалык энергиясын калактардын ортосундагы суюктукка берүүнүн негизинде иштейт. Суюктуктарды көп (мол) берүү үчүн октуу (осевой) насостор колдонулат. Калакчаларынын дөңгөлөккө бекитилүүсү боюнча пропеллерлүү (калакчалар кыймылсыз бекитилген) жана кыймылдуу калакчалуу болуп айырмаланат. Куюндуу насос суюктуктарды өзү сорот, ал тез буулантуучу суюктуктарды сорууда (толтурууда) колдонулат. Поршендүү насосто цилиндрдеги поршендин же плунжердин ары-бери кыймылынын натыйжасында толтуруу же соруу иши аткарылат. Суюктуктарды аз-аздан толтуруу үчүн роторлуу насостор пайдаланылат. Иштөө принциби боюнчапоршендүү Н-ко окшош, бирок анда соруучу жанатолтуруучу клапандар жок. Насос аппаратынын көп тараган түрү - агымдуу насос. Алардын ичинен суу агымдуу насостун иштөөсү үч процесстен турат, анда адегенде суюк- туктун потенциалдык энергиясы кинетикалык энергияга өзгөрөт, суюктуктун бөлүкчөлөрү мененберилүүчү кыймылдын саны алмашылат. Жумуш аткаргыч жанажылдыргыч суюктуктардын ара- лашмасынын кинетикалык энергиясы потен- циалдык энергияга айланат. Насостор гидротехникалык курулмаларда, жылуулук-техникалык түзүлүштөрдө нефть өндүрүүдө, курулушта жана башкада кенири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү