Натрий сульфити, Na2SO3 - түссүз кристалл; тыгызд. 2,63 г/см3, пайда болуу жылуулугу DН0298 = 260,6 ккал/моль ; сууда эригичтиги 12,59 г (0оС); 20,82 г (19,9оС); 25,75 г (500С); 21,70 г (99оС) 33,4оС төмөнкү температурада суудагы эритмесинен тыгызд. 1,56г/см3 барабар болгон жети суулуу кристаллогидрат алынат. Жогорку температурада Na2SO3 бөлүнөт. Эритмеси щелочтуу реакцияны берип бир аз к-та кошкондо SO2 бөлүнүп чыгат. Na2SO3 күчтүү калыбына келтиргич, суудагы эритмеси абадагы кычкылтек таасиринен окистенет. Na2SO3.7Н2О нымдуу абада жеңил окистенет Н. с. сульфат эритмеси менен SO2 аракеттенишинен алынат, ал эми суусуз сульфитти аны 95-100оС буулантып алса болот. Мед-да, фармацевтика өнөр жайында, жасалма булаларды алууда жана сүрөт ишинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү