Негиздер – молекуласы металл иондорунан жана бир же бир нече гидроксид тобунан турган заттар. Гидроксид тобунун саны металлдар валенттүүлүгүнө барабар. Мисалы, NaOH, Cu(OH)2, Al(OH)3, KOH, LiOH ж.б. К-талар менен туз пайда кылуу жөндөмдүүлүгү Н. эң негизги химимялык касиети. Мисалы,

NaOH + HCl = NaCl + H2O

Ca(OH)2 + 2HCl = CaCl2 + 2H2O

Эригичтиги боюнча сууда эрүүчү жана эрибөөчү Н. болуп бөлүнөт. Сууда жакшы эрүүчү Н. щелочтор деп аталат. Диссоциация даражасы боюнча Н. күчтүү жана начар Н. болуп бөлүнөт.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү