Нейтрон жылдызы (neutron star) – чоң массадагы жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясынын бири.

Нейтрон жылдызынын түзүлүшү.

Нейтрон жылдызы нейтрон, протон жана ядродон турат. 1932-ж. Л. Д. Ландау нейтрон ачылгандан кийин нейтрон жылдызынын болуу мүмкүндүгүн көрсөткөн. Бул жылдыздар өтө жаңы жылдыздардын жарк этишинен пайда болушу мүмкүн. Нейтрон жылдызынын энергиясынын ички булагы жок. Анын жаркырактыгы айлануунун кинетикалык энергиясынын жана муздоо ылдамдыгынын азайышы менен аныкталат. Бул жылдыздардын теңсалмактуу туруктуу абалдагы массасы 2•1030 кгдай, радиусу ~20 кмче, тыгыздыгы 2•1017 кг/м3, басымы 1030–1031 кг/м2, айлануу мезгили 10– 3секга барабар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов