Неман дарыясы (литвача Нямунас) – Беларусия, Литва жана Россия аркылуу аккан дарыя. Узундугу 937 км, алабынын аянты 98,2 миң км2. Минск дөңсөөсүнүн түштүгүнөн башталып, Неман оёңу, Балтика жалчасы (мында босоголорду пайда кылат), Ортонку Литва ойдуңу аркылуу агат да, Балтика деңизиндеги Курши булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Нярис (Вилия) – оң, Щара, Шяшупе – сол. Орточо чыгымы 685 м3/сек. Жазында суусу кирип, жайында, күзүндө жана кышында жамгырдан ташкындайт. Декабрдан марттын аягына чейин тоңот. Неман каналдар аркылуу Преголя дарыясы, Днепр (Огинский каналы; азыр соолуп калган) жана Висланын (Август каналы) алаптары менен туташат. Немандын алабындагы суунун жартысын Вилея-Минск суу системасы аркылуу Днепрдин алабына бурат. Чатынан 782 кмге чейин (Каунас ГЭСинде токтойт) кеме жүрөт. Боюнда Гродно, Друскининкай, Каунас, Советск жана башка шаарлар жайгашкан.

Неман дарыясы
Мүнөздөмө
Узундугу 937 км
бассейндин аянты 98 200 км²
Суу агымы
Аягы Балтика деңизи
Жайгашкан орду
Өлкө Калып:Өлкө желеги/Беларусия, Литва, Орусия
ОМСР 01010000112104300000215

Колдонулган адабияттар түзөтүү