Немирович-Данченко Владимир Иванович

Немирович-Данченко Владимир Иванович (11 (23). 12. 1858, азыркы Махарадзе, ГССР, Озургеты — 25. 4. 1943, Москва) — сов. режиссёр, театр ишмери, педагог, жазуучу жана дра­матург, СССР эл арт. (1936).

  • 187679-ж. МГУнун физ.-матем. факультетинде окуган.
  • 70-жылдары театр сынчысы катары таанылган.
  • 18911901-ж. Москва филармония коомундагы Муз.- драма окуу жайдын драма бөлүмүн башкарган жана сабак берген.
  • Москва көркөм театрын (МХТ) негиздөөчү (1898, К. С. Станиславский м-н бирге). Кыштак, актёрлор м-н басма соз кызматкерлеринин өмүр-турмушу тууралуу повесттер жазган. Пьесалары Александр (азыркы Ленинград акад. театры) ж. б. театрларда коюлган.
  • К. С. Станиславский менен бирге 18981904-ж. А. П. Чеховдун «Ваня таяке», «Үч эже-сиңди», «Алчалуу бак», М. Горькийдин «Түпкүрдө» пьесаларын, ошондой эле прогрессчил батыш европ. драматургдардын (Г. Гауптман, Г. Ибсен, У. Шекспир) чыгармаларын койгон.
  • 190507-жылдардагы революциядан кийинки саясий реакция жылдары А. С. Грибоедовдун «Акыл азабы», Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү», А. С. Пушкиндин «Борис Годунов», Л. Н. Толстойдун «Тирүү өлүк» ж. б. спектаклдерди коюп, мында ал орус классикасынын прогрессчил багытын ачуу менен режиссурасынын жаңычыл принциптерин өнүктүргөн.
  • Окт. рев-ясынын жеңиши Немирович-Данченконун чыгармалыгынын өрүш алышына кецири жол ачты.
  • Ал К. А. Тренёвдун «Любовь Яровая», Немирович-Данченко Погодиндин «Кремль куранттары» сыяктуу совет театрынын өсүшүндө мааниси зор спектаклдерди койду.
  • Анын М. Горькийдин «Егор Булычов жана башкалар» (1934), «Душмандар» (1935) спектаклдерин коюшу совет театр онорүндө соц. реа­лизм методун калыптандыруунун ачык күбөсү болду.
  • Немирович-Данченко 1919-ж. Москва керкем театрынын Муз. студиясын (1926-жылдан В. И. Немиро­вич-Данченко атн. муз. театр) уюштурган.
  • СССР мамл. сыйл. (1942, 1943) лауреаты. Ленин ордени, Эмгек Кы­зыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.