Ненец автономия округуОрусиядагы субъект. Архангел облусунун курамында. 1929-жылы 15-июлда уюшулган (1977-жылга чейин Ненец улуттук округу). Орусиянын Европа бөлүгүнүн эң четки түндүк-батышында жайгашкан. Ал Ак, Баренц жана Кара (Карск) деңиздери менен чулганат. Округдун курамына Колгуев жана Вайгач аралына да кирет. Аянты 176,7 миң км2. Калкы 2,0 миң (2009); негизинен орустар (5,0%) басымдуу, ошондой эле ненец, коми жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы бир км2ге 0,26 киши. Динге ишенгендердин көбү православныйлар, ошондой эле протестанттар да бар. Ненецтер салт болуп калган православие динин тутат. Административдик борбору – Нарьян-Мар. Шаар калкы 63,4%. Административдик-аймактык жактан бир шаарга, 2 шаарчага бөлүнөт. Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Рельефинде Тиман токол тоосу жана Пай-Хой кырка тоосу (бийиктиги 467 м) өзгөчөлөнүп турат, Чоң жана Кичи Жер тундралары бар. Климаты катаал. Январдын орточо температурасы түштүк-батышында – 12˚С, түн-чыгышында –22˚С, июлдуку түндүгүндө 6˚С, түштүгүндө 13˚С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм. Көп жылдык тоң жатат. Түндүк бөлүгүн тундра, түштүгүн токойлуу тундра ээлейт. Чымдак-глей топурактуу. Кыска дарыялары жанамайда көлдөрү көп. Негизги суусу – Печора дарыясы (кеме жүрөт). Тундра өсүмдүктөрү өсөт. Региондун дүң продукциясы 12605,9 миллионрублди түзөт. Андагы өнөр жайлыкдын үлүшү 65,8%, айыл чарбаныкы 1,2. Негизги тармагы отун өнөр жай Ири ишканалары: «Полярное Сияние», «Нарьян-Марнефтьгаз» ЖЧК, «Тотал Разведка Разработка Россия», «Печорский рыбокомбинат», «Мясопродукты» ААКтары. Чарбасынын башкы тармактары – бугучулук, балык кармоо, аңчылык жанадеңиз айбанаттарын асыроо. Айбанаттарды капаста багуу (көгүлтүр түлкү, калтар, суу күзөн) өнүккөн. Тамак-аш (балык беленделет, сүт, эт консервалары), тактай тилүү өнөр жай ишканалары иштейт. Картөшкө, турнепс айдалат. Жылытмаларда жашылчалар өстүрүлөт. Автомобиль жолунун узундугу 214,2 км (анын ичинен 58,5 кми асфальтталган), суу жолунуку 240 км. Васильков – НарьянМар газ кууру курулган. Деңиз порттору: Нарьян-Мар, Амдерма. Жалпы билим берүүчү 40 окуу жайы, 3 мектепке чейинки мекемелери жанааэропорту бар. Үч музей уюштурулган.

Ненец автономия округу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү