Неоген мезгили (системасы), неоген (нео…гр. gtnos – пайда болуу, жаш) – кайнозой заманындагы экинчи мезгили. Жердин геологиялык тарыхында антропоген мезгилинен мурун пайда болгон мезгил жана тоо тектер. Мезгилдин узактыгы 23 миллион жылга созулат. Бул жыл радиология ыкмасы менен аныкталган. Неоген мезгили (с.) өз ичинен миоцен, плиоцен деген 2 бөлүмдөн турат (к. таблица).

Deinotherium.

Система (мезгил) 1833-жылы англиялык геолог Ч. Лайель тарабынан Италиянын аймагында бөлүнгөн. Аны 1853-жылы австриялык геолог М. Гёрнес Неоген мезгили (с.) деп атаган. 1882–1917-жылы орус окумуштуулары Н. И. Андрусов, В. П. Колесников жана башка тарабынан толук изилденген. Палеоген мезгилинин аягында Түндүк Европа менен Түндүк-Батыш Азиядагы альп бүктөлүү аймагындагы зоналарда тоо пайда болуу процесси күч алат. Альп, Карпат, Балкан, Апеннин, Кавказ, Крым, Гималай жана башка тоолор бийик көтөрүлөт. Тоо арасындагы ойдуңдарга талкаланган тектер толот. Тектоникалык кыймылдардан чөкмө тектердин калың катмарлары ийилип бүктөлөт. Гранит интрузиясы менен терең жарылуулардан лава сызылып чыгып, жер бетин каптайт. Кара деңиз, Каспий, Адрия, Мрамор деңиздери терең басырылат. Тынч океандын жээктери көтөрүлүп, Кордильера, Анд, Камчатка, Филиппин, Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландия, Алтай, Саян, Становой, Урал, Атлас, Аппалачи тоолору орун алат. Африка мененАзия терең жарылат. Байкал, Ангара, Африка рифтери, Кызыл деңиз пайда болот. Жанар тоолор күчтүү атылып, жер солкулдайт. Кум, кумдук, мергель, органикалыкакиташ теги, конгломерат, көмүрдүү тектер чөкмөгө айланат. Кургакчылык өкүм сүргөн аймактарда гипс, туз калың катмарга айланат. Мезгилдин аягында Түндүк жарым шарды муз каптайт. Азыркы кездеги рельеф келип чыгат. Органикалык дүйнө, климаттык шарт азыркыдай абалга келет. Мезгилдин башталышында Түндүк жарым шардын климаты жылуу жана нымдуу келип, Сибирди жазы жалбырактуу токой каптайт. Батыш Европада пальма, лавр өсөт. Мезгилдин аягында Сибирь ийне жалбырактуу токойго айланат. Тропиктик өсүмдүктөр Жер ортолук деңизинин айланасында сакталат. Неогендин башында жаныбарлардын жаңы түрлөрү келип чыгат. Мезгилдин орто ченинде Европа, Азия, Түндүк Америка Беринг кысыгы аркылуу байланышат. Натыйжада жаныбарлар бири-бирине өтүп кетет. Деңизде моллюскалар, фораминифералар, острокодалар үстөмдүк кылат. Неогенде нефть (Азербайжан, Түркмөнстан, Түндүк Кавказ, Сахалин, Румыния, Ирак, Иран, Сауд Арабиясы, Бирма, Калифорния, Мексика, Колумбия, Аргентина), күйүүчү газ, күрөң көмүр, туз, гипс, тоолордо жез, мышьяк, коргошун, цинк, сурьма, молибден, вольфрам, висмут, сымап кендери калыптанат. Плиоценде чөкмө түрдө пайда болгон ири темир кени (Керчь жарым аралы), боксит (Ямайка, Гайана, Гвинея жана башка) кездешет. Кыргызстандын аймагында Неоген мезгилинде пайда болгон тектерге Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Фергана, Талас, Жумгал, Кочкор, Кетмен-Төбө жана башка ойдуңдардагы чопо, кумдук, гравелит, конгломерат, паттум кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү