Неотектоника (нео… жана тектоника), жаңы же азыркы кездеги тектоника – тектоника илиминин бир тармагы. Неоген-антропоген мезгилдериндеги тектоникалык процесстерди изилдейт. Неотектоника жер кыртышын жана анын түзүлүшүн өзгөртүп, жаңы структуралык формаларды, азыркы рельефти пайда кылган. 1937-жылы С. С. Шульц Теңир-Тоонун азыркы рельефин илимий негизде түшүндүрүү үчүн «неотектоника» деген терминди колдонгон. 1948-жылы В. А. Обручев неотектониканы геология илиминин өз алдынча тармагы катары караган. 1950-жылы Н. И. Николаев неотектониканы тектоникалык кыймылдардын активдешиндеги геологиялык тарыхында азыркы кездеги тектоникалык этап деп бөлгөн. Жер кыртышынын түрдүү структуралык элементтеринде (платформа, ороген, азыркы геосинклиналдуу аймак), олигоцендин аягында, неоген менен антропогенде кыймылдар бир эле убакта активдешкен эмес. Бул көрүнүш окумуштуулардын арасында бир топ талаш-тартыштарды пайда кылган. Тектоникалык процесстерди изилдөө үчүн төмөнкү ыкмалар колдонулган. Тарыхый геология - байыркы деңиз жээктеринин басырылышын же көтөрүлүшүн, курулуштарды суу капташын же суунун тартылышын изилдөө; тектоникалык жана геоморфологиялык – өзөн, суу тармактарына жана жер бетинин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү; геофизикалык – сейсмдик, электрометрлик анализдер; тарыхый археологиялык – көмүлүп же суу астында калган археологиялык эстеликтерди изилдөө менен тектоникалык кыймылдын багытын, ылдамдыгын тактоо; биогеографиялык – өсүмдүктөр менен жаныбарлардын айрым түрлөрүн же комплексин изилдөө. Азыркы тектоникалык процесстер так приборлордун (кайталап нивелирлөө, триангуляция), математикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен изилденет. Жер бетинин тектоникалыккартасы түзүлөт. Неотектоникалык изилдөөлөр инженердик, гидротехникалык(плотина, порт жана башка) курулуштарды долбоорлоодо, эл чарбасын суу менен камсыз кылууда, нефть-газ түтүктөрүн жүргүзүүдө, нефть, газ кендерин, чачынды элементтерди чалгындоодо, жер титирөөнү алдын-ала билүүдө зор мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү