Нигер (Niger, бербер тилинде негирен – дарыя, агын суу) – Гвинея, Мали, Нигер жана Нигерия аркылуу аккан дарыя. Узундугу 4160 км, алабынын аянты 2092 миң км2. Леон-Либерия дөңсөөсүнөн Жолиба деген ат менен башталып, тоо арасындагы ички өрөөн аркылуу агат; андан соң Судан түздүгүндө бир нече салааларга жана куймаларга бөлүнүп, ички дельтаны пайда кылат; Томбукту шаары тушта салаалар бир нукка биригет. Елва шаарынан төмөн Түндүк Гвинея дөңсөөсүн кесип өтөт, андан ары чатына чейин кенен өрөөн аркылуу агып, Атлантика океанындагы Гвинея булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Бани (оң), Сокото, Кадуна, Бенуэ (сол). Июнь–сентябрда ташкындайт, төмөнкү агымында экинчи ташкыны февралда болот. Орточо чыгымы 9300 м3/сек (эң көбү 35 миң м3/сек). Жылдык агымы 300 км3ге жакын. Жылына 67 млн т шиленди агызып келет. Ири ГЭС жана Каинжи суу сактагычы бар. Сугатчылыкка пайдаланылат. Балык кармалат. Айрым бөлүктөрүндө [Курусадан Бамакого, Сотуба шаркыратмасынан (ички дельтадан төмөн) Ансонгого, Ниамей шаарынан чатына чейин] кеме жүрөт. Боюндагы негизги шаарлар: Куруса (Гвинея), Бамако, Томбукту (Мали), Ниамей (Нигер), Жебба, Локожа (Нигерия). Дельтасында – Порт-Харкорт деңиз порту (Нигерия) жайгашкан.

Нигер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү