НиигатаЯпониядагы порт шаар. Япон деңизинин жээгинде, Хонсю аралынын борбордук бөлүгүндө, Синано дарыясынын чатында жайгашкан. Ниигата префектурасынын административдик борбору. Калкы 812,1 миң (2010). Түстүү металлургия, машина куруу, нефть-химиялык, текстиль, жыгаччылык, кагаз жана цемент өнөр жай ишканалары иштейт. ЖЭС, университет бар. Оранжерея уюштурулуп, гүл өстүрүү өнүккөн. Россиянын Находка шаары менен деңиз аркылуу тынымсыз байланышып турат.

Ниигата.

Колдонулган адабияттар түзөтүү