Никея-Константинополь кредосу (англисчесинен которулушу) түзөтүү

Мен бир Кудайга ишенем. Ал - Кудуреттүү Ата, aсман-жердин жана бардык көрүнгөн-көрүнбөгөн нерселердин жаратуучусу. Жана да Эгедер Иса Машиахка ишенем. Ал - Кудай Уулу, кылымдардан мурда Атадан туулган бир гана Уул. Жарыктан Жарык, Чыныгы Кудайдан Чыныгы Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табияты бир. Бардык нерселер Ал аркылуу жаратылган. Ал адамдар үчүн жана биздин куткарылуубуз үчүн Асмандан түшүп, Ыйык Рухтан жана Кыз Мариядан адам кейпин кийген жана пенде болгон. Жана да Понтий Пилаттын алдында Ал биз үчүн чырымга кадалган, азап тарткан, көргө коюлган. Жана да Жазмалардын негизинде Ал үчүнчү күнү кайра тирилген, Асманга көтөрүлүп кеткен жана Атанын оң кол тарабында олтурат. Жана да Ал атак-даңк менен келип, тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн кайра келет. Анын Падышачылыгын аягы жок. Жана да Ыйык Рухка ишенем. Ал - Эгедер, Өмүр Берүүчү. Ал Атадан. Ал Ата жана Уул менен бирге табынууга жана даңкталууга тийиш. Ал пайгамбарлар аркылуу сүйлөгөн. Жана да Бир, Ыйык, Бүткүл дүйнөлүк жана Апостолдук Жамаатка ишенем. Мен күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн бир чөмүлүүнү тааныйм. Мен өлүктөрдүн тирилишин жана дүйнөнүн өмүрүн күтөм.

Никей кредосу (381-жыл) түзөтүү

Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, асман-жердин жана бардык көрүнгөн-көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Жана да Эгедер Иса Машиахка ишенебиз. Ал атамзамандан мурда Атадан жалгыз туулган Кудай Уулу, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ. Ал бардык нерселерди жараткан. Ал биз үчүн жана куткарылуубуз үчүн асмандан келип, Кыз Мариядан Ыйык Рух аркылуу адам кейпин алган. Ыйык Жазмалар боюнча, Ал Понтий Пилаттын алдында биз үчүн чырымга керилип, азап тартып, көргө коюлуп, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен жана азыр Атанын оң жагында олтурат. Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан шаң-салтанат менен кайра келгенде Анын падышачылыгынын аягы болбойт. Жана да Ыйык Рухка ишенебиз. Ал Эгедер жана Өмүр берүүчү, жана да Атадан чыгып туруучу. Ал Ата жана Уул менен бирдей табынууга жана даңкталууга татыктуу. Ал пайгамбарлар аркылуу сүйлөгөн. Жана да бир, ыйык, баарыбызга жалпы жана апостолдук Жамаатка ишенебиз. Биз күнөөлөрдү таштоо үчүн бир чөмүлүүгө ишенебиз. Биз өлүктөрдүн тирилишин жана дүйнөгө өмүр Берүүчүнүн келишин күтөбүз. Амин.

Никей кредосу (325-жыл) түзөтүү

Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, бардык көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Жана да Эгедер Иса Машаякка ишенебиз. Ал Атадан жалгыз туулган, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ. Ал [асмандагы жана жердеги] бардык нерселерди жараткан. Ал биз үчүн - адамдар үчүн, жана да биздин куткарылуубуз үчүн түшүп келип, пенденин кейпин кийген. Ал азап тартып, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен. Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан келет. Жана да Ыйык Рухка ишенебиз.

[Ал эми: "Ал жок убак болгон!" жана "Жаратылганына чейин Ал болгон эмес!" жана "Ал жок нерседен жаратылган!" же "Анын табияты же заты башка!" же "Кудай Уулу жаратылган!" же "өзгөрүүчү" же "алмашылуучу" дегендерди ыйык жалпы жана апостолдук Жамаат айыптайт.]

June 10, 2020. Translated by Askar Mambetaliev

[1]

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/Nicene_Creed