Некрасов Николай Алексеевич [28. 11(10. 12). 1821, Немиров деген жер, азыркы Винница облусунун аймагында – 27. 12. 1877 (8. 1. 1878), Петербург] – орус акыны. Балалык чагы Ярославль облусунун Грешнев (азыр Некрасов) кышаарында өткөн. Бул анын дыйкандар менен волгалык бурлактардын оор турмушун өз көзү мененкөрүп, крепостнойчулуктун ырайымсыз адеп-ахлагын эртелеп аңдап билишине мүмкүндүк берген. 1832–37-жылы Ярославль гимназиясында окуган. 1838-жылы«Ой», 1840-жылы«Үмүт жана добуш» ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Бул жыйнактагы ырлар Белинский тарабынан учурунда катуу сындалган. 1841-жылы Белинский менен таанышканы кийин Некрасовдун акындык тагдырында чечүүчү мааниге ээ болгон. «Бешик ыры» (1845), «Караңгы көчө менен бара аламбы» (1847) аттуу ырларында шаар турмушунун социалдык карама-каршылыктары, «Мекен» (1846), «Ит агытып, аң уулоо» (1846) сыяктуу ырларында крепостнойлук укук, помещиктер турмушу сындалат. Некрасов 40-жылдары жакырлардын турмушунан алып прозалык чыгармалар да жазган: «Петербургдун булуң-буйткалары» (1845) очерки, «Дүйнөнүн үч өлкөсү» (1849; А. Панаева экөө) романы жана башка 1847-жылы Белинскийдин колдоосу менен «Современник» журналын чыгарууга киришкен. Бул жылдары акын крепостной айыл-кыштактардагы кайгыны, жокчулукту көрсөтүүдөн («Кыштакта», 1853) калк каршылыгын (протестин) көрсөтүүгө өтүп, революционерлердин образын түзөт («Бактысыздар» поэмасы, 1856), эзилген элдин ырчысы катары чыгат («Кире бериштеги ойлор», 1858, кыргызчасы – 1971; «Волгада», 1860; «Темир жол», 1864). Реформадан кийинки жылдары Некрасов дыйкандардын турмушун, аял тагдырын, помещиктердин зомбулугун тайманбай акыйкат сүрөттөгөн чыгармаларды жараткан: «Кыдырма соодагерлер» (1861), «Кызыл тумшук карт аяз» (1863, кыргызчасы – 1955), «Россияда ким жыргайт» (1863–77, кыргызчасы – 1975) поэмалары. «Современник» жабылгандан кийин (1866) Н. «Отечественные записки» журналын (1868) чыгарууга өткөн. Бул мезгилден баштап дворяндык-буржуазиялык коомдун кемчиликтерин ашкерелөө, аны сынга алуу («Замандаштар» аттуу сатиралык поэмасы, 1875), революционерлерди даңазалоо [«Чоң ата» (1870), «Орус аялдары» (1871–72) деген поэмалар] анын поэзиясындагы негизги темага айланган. Некрасов орус поэзиясында Пушкин менен Лермонтовдун реалисттик салтын жаңы шартта өрчүткөн. Анын чыгармалары орус классикалык жана совет поэзиясынын өрчүшүнө жагымдуу таасир тийгизген. Некрасовдун көп чыгармалары кыргызчага которулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү