Пирогов Николай Иванович (13(25). 11. 1810, Москва —23. 11(5. 12). 1881, Винницага жакын жерде Вишня кыш.) — орус илимпозу, врач, педа­гог жанa коомдук ишмер, Россия ИА-нын корр. мүчөсү (1847).

  • Москва университетинин мед. ф-тетин бүтүргөн (1828).
  • Петербург мед.-хирургия академиясынын Практикалык анатомия ин-тун жетектеген.
  • Пирогов мед. илиминин тармагы катары хирургияны жанa аскердик талаа хирургиясын негиздеген.
  • Дүйнөдө биринчилерден болуп аскердик талаа хирургиясында наркозду (1847), талаа шартында гипс таңгычтарын пайдаланган.
  • Россияда 1-жолу пластика операциясын, дүйнөдө алгачкы ирет сөөк пластикасы жөнүндө идеяны айткан.
  • Одесса жанa 2-Москва мед. ин-ттары, Ленинграддагы хирургия коому Пироговдун атында коюлган
Николай Пирогов

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.