Новелла (итал. novella — жаңылык) — эпикалык түрдүн майда жанрларынын бири. Маданияттын кайра жаралуу доорунда (XIV—XVI) пайда болуп, Италияда Боккаччо, Саккети, Лазуччо сыяктуу авторлор өткөн турмуштан же фольклордук сюжеттерден алып, чакан чыгармаларды жаза башташкан. Бул өзүнчө бир жаңылык болгон да, италия тилинде «жаңылык» деп аталган. Кийинчерээк мындай чыгармалар биринчи кездеги алкагынан кеңейип, өзүнчө бир жанр даражасына көтөрүлүп жетти. Жанр катары новелла төмөнкүдөй белгилерге ээ:

  1. конкреттүү бир каармандын турмушуиа кайрылышы;
  2. каармандардын иш-аракетинин чектелип көрсөтүлүшү;
  3. сюжетинин күтүлбөгөн башталмаларга же бүтүмдөргө ээ болушу;
  4. чыгарманын көбүнчө бир гана деталдын негизинде куралышы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү