Ноокат району –Түштүк-батыш Кыргызстандын Ош облусундагы район. Борбору- Ноокат шаары. [2]. Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндүк-батышынан– Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Кара-Суу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң- Алай райондору менен чектешет. Аянты -4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%). Калкы- 302 481 (2021)[1]. Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору – Ноокат шаары. Район 1928-жылы 24-декабрда уюшулган. Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү (деңиз деңгээл бийиктиги 1200–1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи- Алай кырка тоосу (4454 м), Кичи Алай өрөөнү (1200–2800 м), Караван түздүгү (Караван-Көк-Жар) жатат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбуркан кендери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы -ысык, кургак;кышы -мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөөнүндө январдын орточо температурасы – 2,6°С, июлдуку – 24,4°С, Кичи -Алай өрөөнүндө январдыкы – 6,9°С, июлдуку –15,5°С. Жаан-чачындын жылдык орто өлчөмү– 270-300 мм. Ири суулары: Кыргыз-Ата, Абшырсай, Акбуура, Кичи Алай, Косчан, Шаңкол, Чечме, Чилисай. Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. Найман суу сактагычы курулган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбаалуу тоо топурактары басымдуу. Деңиз деңг. 1200– 1500 м бийиктикте эфемер-шыбактуу талаа, андан жогору (500–1800 м) ак кылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк шыбактуу талаа (1800–2200 м), арчалуу шалбаа (2000–2800 м), субальп, альп шалбаалуу талаасы (2800–3400 м) жана гляциалдык-нивалдык алкактары бар.

Ноокат району
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Ноокат району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Ош облусу

Курамында:

1 шаар, 16 айыл өкмөтү,
97 айыл

Акимий борбору:

Ноокат

Түзүлгөн убакыты:

1928

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2021):

302 481[1]

Жер аянты:

3179 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 4454 м
 1200 м

Саат алкагы:

UTC+6

Расмий сайты

Тарыхы түзөтүү

Ноокат районунун аймагынын тарыхы узак кылымдарды ичине камтыйт. Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгонун күбөлөндүргөн археологиялык казуулар ишке ашкан. Бул жердеги үңкүрлөрдүн б.з.ч. IV-I кылымга таандык адамдардын колдонгон куралдары абылган. Алгачкы коло доорундагы байыркы Чуст маданиятынын издери Бөрү-дөбөдөн археолог Ю. А. Заднепровский тарабынан 1981-жылы аныкталган. Б.з.ч. II-кылымда жер иштеткен адамдардын уруулук топтору болгондугун окумуштуулар далилдешкен. Коло доорунда, б.з.ч. II-кылымда Фергана өрөөнүндөгү 80 эл турак кылган жайлардын бир тобу ушул аймактардан орун алган. Ошол доордо бул жерлерде Давань (балким Дубан) мамлекети болгон. Анын бир элестери Ноокат, Апшыр-Сай аймагындагы тоолорго түшүрүлгөн “Асман аттарынын” чегилген сүрөттөрүндө сакталуу турат. 80-жылдарда Ноокатта райооруканада 8 бөлүм болуп, 355 койкалык орун иштеген. Аймактагы 44 китепканада 307,6 миң нуска китеп болуп, 1985-жылы 34,7 миң окурманды тейлеген. 1977-жылы Край таануу музейи уюшулган, анда 1700 дөн ашык экспонат коюлган.

Географиясы түзөтүү

Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндүк-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Кара-суу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай райoндору менен чектешет. Аянты 4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%). Калкы 320,0 миң (2022). Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору – Ноокат шаары. Район 1928-ж. 24-декабрда уюшулган. Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Аймагында Ноокат өрөөнү (деңиз деңгээлинин бийиктиги 1200–1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи Алай кырка тоосу (4454 м), Кичи Алай өрөөнү (1200–2800 м), Караван түздүгү (Караван-Көкжар) жатат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбур- кан кендери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургак, кышы мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөөнүндө январьдын орто температурасы – 2,6°С, июлдуку 24,4°С, Кичи Алай өрөөнүндө январдыкы – 6,9°С, июлдуку 15,5°С. Жаан-чачындын жылдык орто өлчөмү 270–300 мм. Ири суулары: Кыргыз-ата, Абшыр-сай, Акбуура, Кичи Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чилисай. Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. [Найман суу сактагычы]] курулган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбааолуу тоо топурактары басымдуу. Деңиз деңг. 1200– 1500 м бийиктикте эфемер-шыбактуу талаа, андан жогору (500–1800 м) аккылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк шыбактуу талаа (1800–2200 м), арчалуу шалбаа (2000–2800 м), субальп, альп шалбаалуу талаасы (2800–3400 м) жана гляциалдык-нивалдык алкактары бар

Айыл-чарбасы түзөтүү

1984-жылы райондо айыл чарбачылыгына жарактуу 191,7 миң га жер болгон. 47 миң ири мүйүздүү мал, 170 миң кой-эчки, 0,3 миң чочко, 6,6 миң жылкы, 257 миң канаттуулар коомдук чарбада багылган. СССРдын урашы менен бара бара колхоз-совхоздор жоюлуп, жеке менчик фирмалар, дыйкан чарбалары уюшулган. Бул турмуштук укладдан башкага өтүү убактылуу кыйынчылык жаратканы менен дыйканчылыкка, мал күтүүгө кеңири жол ачылды. Айрым адамдар чет өлкөлөргө чыгып иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Жыныстык курамы түзөтүү

Райондун жалпы эли: 283000
  • Аялдар: 118365 = 50,5%
  • Эркектер: 116201 = 49,5%

Улуттук курамы түзөтүү

  • Кыргыздар: 167480 = 71,4%
  • Орустар: 357 = 0,2%
  • Өзбектер: 62204 = 26,5%
  • Башка улуттар: 1525 = 0,65%

Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү

Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 16 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 97 айыл бар[3]:

райондук маанидеги шаары:

айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:

 
Ноокат районундагы калктуу конуштардын картасы.
Кыскартуулар: Б - Бостон, БК - Беш-Коргон, Г - Гүлстан, ДК - Дөң-Кыштак, ЖН - Жаңы-Ноокат, И - Интернационал, К - Коммунизм, КК - Кара-Кечит, КМ - Куу-Майдан, КТ - Катта-Тал, Т - Таштак, ТК - Темир-Корук, Ф - Фрунзе.

Райондук сайттар түзөтүү


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2021-ж. башында айыл өкмөттөрү берген маалымат боюнча)
  2. Enrin.grida.no. Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2008. Түп булактан архивделген күнү 2 -август (баш оона) 2009.
  3. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 29.04.2023