Ноокен районуКыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Административдик борбору — Масы айылы.[3]

Ноокен району
Белгиси
Белгиси

Ноокен району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Жалал-Абад облусу

Курамында:

1 шаар, 8 айыл өкмөтү,
55 айыл

Акимий борбору:

Масы

Түзүлгөн убакыты:

1935

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2023):

151 919[1]

Жыштыгы:

62 адам/км²

Улуттук курамы:

Кыргыздар — 69,4%
Өзбектер — 27,9%
Уйгурлар — 1%[2]

Жер аянты:

2336 км²

Саат алкагы:

UTC+6

Почта индекстери:

715620

Расмий сайты

Географиясы түзөтүү

Район облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта жайгашкан, Өзбекстандын Андижан жана Наманган облустары менен чектешет.

Калкы түзөтүү

Кыргызстандын 2023-жылкы маалыматына ылайык райондун калкынын саны 151919 адам[1]. 2009-жылкы элди каттоо санагы боюнча кыргыздардын саны — 81 192 адам (69,4 %), өзбектер — 32 702 адам (27,9 %), уйгурлар — 1181 адам (1,0 %), тажиктер 456 адам (0,4 %), орустар — 375 адам (0,3 %), татарлар — 313 адам (0,3 %), түрктөр — 309 адам (0,3 %)[2].

Административдик-аймактык бөлүнүшү түзөтүү

Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 8 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 55 айыл бар[4]:

райондук маанидеги шаарлары:

айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:

Эскертүү: Майлуу-Суу — Жалал-Абад облусунун облустук маанидеги шаары. Көк-Таш шаар тибиндеги посёлогу (штп), Сары-Бээ, Көгой жана Кара-Жыгач айылдары Майлуу-Суу шаарынын курамына кирет.


Тарыхы түзөтүү

1935-жылы негизделген. 1992-жылга чейин Ленин району деп аталган.

Маалымат каяктан алган түзөтүү