Норвегдер, нордмен – түндүк герман элдери; Норвегиянын жергиликтүү калкы. Жалпы саны 5 миллион киши, анын ичинен 4,1 млну Норвегияда (2012). Ошондой эле Швеция, Дания, Европанын башка мамлекеттеринде, АКШ, Канада жана Австралияда да жашашат. Норвег тилинде сүйлөйт. Динге ишенгендери – лютерандар. Норвегдер боюнун бийиктиги менен айырмаланат. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягында Скандинавиядан келген герман урууларынын тукумдары деп божомолдонот. Айрым тарыхый маалыматтарда биздин замандын 1-миң жылдыгынын ортосунда Норвегияны ругии, ауганд, грани, раум, ранрики, халейг жана тренд уруулары мекендеген. 10–11-кылымда норвегдердин алгачкы феодалдык мамлекети пайда болгон. Норвегдер викингдер доорунун убагында шотланддар менен ассимиляцияланган. 14–19-кылымда Норвегия Дания экспанциясынын объектисине айланып, 1380-жылдагы уния боюнча Н. Данияга экономикалык жана саясий жактан көз каранды болуп, бардык иш кагаздар дан тилинде жүргүзүлгөн. 1814–1905-жылы норвегдер Швеция униясына кирген. 1905-жылы уния күчүн жоготуп, Н. көз карандысыздыкка жетишкен. 19-кылымда көз карандысыздык үчүн күрөш процессинде норвег улуту калыптанган. Норвегдер мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Учурда норвегдердин көпчүлүгү шаарда жашап, Өнөр жайда иштешет. Салттуу кийими – бунаддын 200дөй жергиликтүү үлгүлөрү бар. Заманбап бунад – норвегдердин майрамдык кийими болуп эсептелет. Аялдар бунады – ак көйнөк, юбка, лиф, чепчик же косынка, кара жүн байпак, туфли жана кооздук буюмдар; эркектер бунады – тик жакалуу ак көйнөк, саймаланган күрмө, ыштан, тизеге чейин жеткен, саймаланган жүн носки, кара туфли. Тамак-ашы – негизинен балык азыктары, ботко. Суусундук катары сыраны пайдаланышат. Норвегиядагы кеңири таралган майрамдар – Рождество, масленица, пасха жана Ыйык Ханса (23-июндан 24үнө караган түнү өткөрүлөт).

Колдонулган адабияттар түзөтүү