Норвег агымыНорвег деңизиндеги үстүнкү жылуу агым. Түндүк Атлантика агымынын бир тармагы. Норвегияны жээктей түндүктү карай агып, 67˚ түндүк кеңдиктерде Баренц деңизине өтүп, Нордкап агымы, андан ары түндүктө Шпицберген агымы деп аталат. Кышында суунун темпрасы 5–7˚С, жайында 10–12˚С. Ылдамдыгы 25–50 см/сек. Скандинавия жарым аралынын климатына, Норвег деңизинин чыгыш бөлүгүнүн гидрологиялык шарттарына таасирин тийгизет.

Гольфстрим жана Норвег агымы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү