Ченем

Норма‎»‎ барагынан багытталды)

Ченем ― мыйзамдуу түзүлүш, милдеттүү деп табылган тартип.

1) жүрүм-турумдун же иш-аракеттин алдын ала аныкталган эрежеси же үлгүсү, бир нерсе тууралуу тыянактын ченеми жана баа ченеми. Табиятта же коомдо бар жана болуп жаткан нерселерди чагылдырган мыйзамдан, о. эле аткарылуучу же аткарылбочу эрежелерден айырмаланып, Ченем бардык учурларда жана бардык нерселерде кездешүүчү касиет болуп саналат. Адеп-ахлактык, эстетикалык жана логикалык ченемдер болот. Ошол себептен, этиканы, эстетиканы жана логиканы ченемдик мүнөздөгү философиялык илимдерге киргизишет.

2) Бир нерсенин бекитилген ченеми, орточо чоңдугу (Мисалы: убакыт ченеми, өндүрүлгөн өндүрүмдүн ченеми).

3) полиграфияда ― басма табактын биринчи бетинин сол жактагы төмөнкү бурчунда жайгашкан маалыматтардын жыйындысы (типографиялык запастын номери, басманын аталышынын же китептин авторунун фамилиясынын кыскартылган формасы).

Булактар түзөтүү