Нуклеозиддер – D-рибоза менен 2-дезокси-D-рибозанин фураноза формасындагы 1-көмүртек атому пиримидин жана пурин негиздер калдыктарындагы азот атому аркылуу гликозиддик (С-N) байланыштар пайда кылган бирикмелер. Н. D-рибозанын жана 2-дезокси-D-рибозанын 1-көмүртек атому пиримидин негиздери 1-азот, пурин негиздери 9-азот атому менен байланышкан, б.а. пиримидин жана пурин негиздери калдыктары Н. мол-ларында гликозиддер агликондоруна окшош. Агликондор пентозалар b-абалында гана жайгашышат. Мисалы,

уридин дезокситимидин аденозин Эгерде жалпы эле пиримидин жана пурин негиздери калдыктарын R-тамгасы менен белгилесе Н. жөнөкөйлөштүргөн формулалары:

рибонуклеозид дезоксинуклеозид Н. жаратылышта байланышкан түрдө нуклеин к-таларынын мол-ларында жана эркин түрүндө тирүү организмдер курамында кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү