Нутация - катуу нерсенин прецес­сия менен кошо боло турган кыймылы; бул кыймылда нерсенин өзүнүн айлануу огу менен ошол прецессия болуп жаткан октун ортосундагы бурч өзгөрүп турат.

Ал бурч Нутация бурчу деп аталат. Оордук күчүнүн аракети менен айланып жаткан гироскоптун (чимириктин) Нутациясы деп гироскоптун огунун термелүүсү алынат, бул термелүүдө гироскоптун огунун өзүнүн айлануусунун бурчтук ылдамдыгы канчалык чоң болсо, анын амплитудасы жанa айлануу мезгили ошончолук аз, ал эми айлануу тездиги ошончолук жогору болот. Жалпы алганда гироскоптуу сиетеманын Нутациясы деп, системанын абалын аныктоочу бурчтун аз амплитуда жанa өтө тездик менен өзгөрүшү айтылат.

2) Нутация астрономиядаЖер огунун Жердин прецессиялык кыймылына беттешкендеги термелүүлүгү. Аны 1737-ж. Ж. Брадлей ачкан. Бул термелүүлөр Ай жанa Күндүн Жерди тартуусунун өзгөргөндүгүнүн натыйжасында пайда болуп, ал АйКүн Нутациясы же аргасыз Нутация деп аталат. Бул Нутациянын көп факторлорго жараша боло тургандыгы аныкталды.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.