"Нү-Йорк бандалары" (англ. Gangs of New York, орус. Банды Нью-Йорка) - 2002-жылы Мартин Скорсезе тарткан америкалык эпикалык доорду баяндаган драма. Тасма 19-кылымдын ортосунда Нү-Йорк шаарындагы Файв Пойнт районун чагылдырат. Тасманын сценарийин Жэй Кокс, Стивен Зайлиан жана Кэннез Лонерган жазышкан. Тасмадагы окуя 1927-жылы Херберт Эсбүри жазган "Нү-Йорк бандалары" аттуу чыгармадан эргүү алган. Тасма Синнесита, Римде тартылып, "Miramax Films" тарабынан жайылтылган. Ошондой эле ал "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" сыяктуу дагы башка тогуз наамына көрсөтүлгөн.

Нү-Йорк бандалары
Режиссеру Мартин Скорсезе
Сценарийи
Оператору Михаэл Баллхаус
Тартылгандар
Музыкасы Говард Шор
Редактору Телма Шунмейкер
Студия
  • Alberto Grimaldi Productions
  • Initial Entertainment Group
Жайылтуучу Miramax
Чыккан жылы
  • декабрь 20, 2002 (2002-12-20)
Узактыгы 168 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $100 млн[2]
Киреше $193.8 млн[2]

Тасмадагы окуя 1862-жылды сүрөттөп, ойдон чыгарылган банданын лидери "Касап" Биллдин (Дэниел Дэй-Лүис) окуясын баяндайт. Ал "Твид" (Жим Бродбент) аттуу босстун кол алдында иштеген кылмыш иштери боюнча лидер жана саясий жактан таасирдүү болгон адамдын ролун аткарат. Тасма "Касап" менен тасманын баш каарманы Амстердам Валлон (Леонардо Ди Каприо) жана анын союздаштары 1863-жылга туш келген Нү-Йорк көтөрүлүшүндөгү катаал согушуусун баяндайт. Тасма 2002-жылы 20-декабрда чыгып, дүйнө жүзү боюнча 193 миллион АКШ долларын тапкан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Gangs of New York (18). British Board of Film Classification (December 10, 2002). Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2016.
  2. 2.0 2.1 Gangs of New York (2002). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 27 -февраль (бирдин айы) 2017.