Озон (гр. Оzо — жыттанам) — кычкылтек аллотропиялык түр өзгөрүүсү; кескин жыттуу, көгүш түстөгү жарылгыч газ. Эки атомдуу кычкылтек молекуласынан (О2) айырмаланып, О- мол-сы үч атомдон (О3) турат. Кадимки шартта газ, О. кычкылтектен муздатуу менен бөлүп алууга болот. Муздатуудан 111,9°С кайнай турган көк түс-төгү суюктукка айланат. О. суудагы эригичтиги кычкылтектикинен бир кыйла жогору. О. Төмөнкү кайталанма реак-циядан пайда болот:

Озон.

3О2+ 68 ккал 2O3

0°С 100 көлөм сууда 49 көлөм О. эрийт. О. күчтүү окистендиргич. Ал алтын жана платина металлынан башка бардык металлды жана көпчүлүк металл эместер окистендирет. Жаратылышта О. күн күркүрөгөндө пайда болот. Өнөр жайда электр разрядынын таасири менен атайын аппаратта — озонатордо алынат. Абаны ж-а, сууну тазалоо, кээ бир органикалык  заттар (камфора, ванилин, май кислотапарын жана башка) алууда колдонулат. О. уулуу. Абадагы мүмкүн боло турган концентрациясынын чеги 10-5% барабар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү