Океан таманы – Дүйнөлүк океан түбүнүн эң кеңири бөлүгү, материктин суу астындагы чет жакасы менен чектешет (океан ортолук кырка тоолорду кошпогондо). Аянты 193,8 млн км2 (кургактыктын аянтынын 38%ке жакыны); анын 116,6 млн км2и Тынч, 34,2 млн км2и Атлантика, 39,6 млн км2и Инди, 3,4 км2и Түндүк Муз океандарына туура келет. Океан таманы планеталык морфоструктурага ээ; ал океан платформасына дал келгендиктен, жер кыртышынын тектоникалык кыймылы тынч абалда, айрым жерлерине гана (Шри-Ланка аралынан түштүк-чыгышты карай) жанар тоо атылуулары мүнүздүү. Түрдүү морфологиялык көтөрүлүштөр менен бөлүнгөн чуңкурдуктардан (эң ириси Тынч океандагы Түндүк-Чыгыш чуңкурдугу) турат. Чуңкурдуктардын таманын абиссаль түздүктөрү (тереңдиктери 2000–6000 м) ээлейт. Түздүктөр океан ортолук кырка тоолордон океандын чет-жакасын карай закон ченемдүү өзгөрөт. Океан ортолук кырка тоолордун уландысын дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрү (салыштырмалуу бийиктиги 500 м, туурасы 10 кмге чейин) түзөт. Тынч океанда абиссаль дөңсөөлөрү 80%ке чейинки аянтты ээлейт. Көбүнчө алар магма тектеринен түзүлүп, жакын жайгашкан океан ортолук кырка тоолордун огуна жарыш, айрым учурда иретсиз жайгашат. Абиссаль дөңсөөлөрүнүн рельефи чөкмөлөрдүн эсебинен (материктин чет-жакаларында, биопродукттуулук жогору зоналарда, океандагы аракеттеги жанар тоо аймактарында) акырындык менен басырылып, тегизделип тармал жана тайпак абиссаль түздүктөрүнө айланат. Океан таманындагы көтөрүлүштөрдүн бийиктиги бир нече кмге, туурасы жүздөгөн кмге, Узундугу миңдеген кмге жетип, бир нече типтерге бөлүнөт. Келки кырка тоолор эң кеңири таралып, морфологиялык түзүлүшү жаракалар менен бөлүнгөн жазы жалдардан турат. Жалдын чокусунда өчкөн жана аракеттеги жанартоолор (Тынч океандагы Гавайи кырка тоосу) бар. Келки кырка тоолордун чокусу тайпак, капталдары тик келет (Инди океанындагы Чыгыш Инди тоосу). Океан платолору плато сымал жайпаң кырлардан, тик капталдардан турат (Тынч океандагы Маникихи). Океан дөңсөөлөрү начар тилмеленген беттен жана жантайма капталдардан турат (Тынч океандагы Шатский дөңсөөсү). Океан жалдары түз сызык боюнча көтөрүлөт (Тынч океандагы Эауриндер жалы). Океандын чет жакасындагы жалдар капталдагы кобулдарды жээктеп, аларга жарыш жатат (Тынч океандагы Зенкевич жалы). Океан таманына суу астындагы обочо тоолор мүнөздүү, алардын айрым чокулары суунун үстүндө болуп, аралдарды пайда кылат. Аларды негизинен өчкөн жанар тоолор, чанда жердин тектон. көтөрүлүштөрү түзөт. Океан таманындагы абиссаль чөкмөлөрү (карбонаттуу, кремнийлүү, чополуу ж. б. чөгүндүлөр, океандын тереңиндеги кызыл чополор) бийиктик жана кеңдик климаттык зоналар боюнча таралган. Дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрүндө чөкмөнүн калыңдыгы 100–200 м болсо, океан дөнсөөлөрүндө 1–2 кмге чейин жетет. Океан таманынан кен байлыктар табылган. Терең чуңкурдуктардын таманында темир-марганец бирикмелери кездешет, аларда марганец, никель, жез жана кобальт ж. б. элементтер бар. Океан ортолук кырка тоолор менен чектешкен ойдуңдар темир, жез, цинк ж. б. металлдарга бай.

Океан таманы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү