Оккультизм (лат. occultus – жашыруун, ыйык сакталган) – дүйнөдө илимдин кудурети жетпеген күчтөрдүн феномендеринин бар экенин тааныган жана алар менен иш жүзүндө өз ара алакалашуунун практикалык жолун таап иштеп жаткан окуунун аталышы. Философиялык планда Оккультизм дүйнөнү кандайдыр бир кубаттуу, токтотууга мүмкүн болбогон улуу күчтөрдүн динамикасы катары караган гилозоизм менен пантеизмге жакындап кетет. Тарыхта Оккультизм түшүнүгүнүн көлөмү, мазмуну жана ролу көп жолу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Маданиятын өнүгүшүнүн ар кыл этаптарында Оккультизм илим, философия, дин тармактары менен көп учурда талаш пикирде. Оккультизм дин көп жактары азыркы кездеги илимдин жетишкендиктери менен төгүндөлүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү