Окуу планыбилим берүү тармагынын өзөктүү документтеринин бири. Окуучулар эмнени окуп үйрөнүшү керек жана окуу предметтеринин тизмегин, ага каралган сааттарды аныктоо менен окуу планы билим берүүнүн мазмуунун, анын приоритеттүү багыттарын жана окуу дисциплиналарынын циклдарынын ортосундагы сандык катнаштарды мүнөздөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.


Бүгүнкү күндө республикадагы мектептер 1992-ж. бекитилген базистик окуу планынын, ошондой эле варианттардын негизинде окутууну улантууда. Окутуу мектепте кайсы тилде жүргүзүлүшүнө жана мектептин статусуна (тереңдетип окутуу, гимназия ж. б.) жараша мектептер 9 вариантка чейин окуу планын тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Вариативдүү окуу пландары республикалык жана регионалдык компоненттерден туруп, республикалык компонент Кыргыз Республикасында бирдиктүү билим берүү мейкиндигин камсыздоону шарттайт жана аны өзгөртүүгө тыюу салынат.




Бул компоненттин максаты окуучуларды улуттук маанидеги жана жалпы маданий-тарыхый баалуулуктарга үйрөтүү жана коомдун талабына ылайык атуулдук сапаттарга тарбиялоо (калыптандыруу) эсептелет. Ал эми регионалдык компонент региондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүнүн негизинде региондун билим берүү тармагындагы кызыкчылыгына жооп берүүгө шартталат. Мындан тышкары мектептин өзгөчөлүгүнө жараша окуучулардын жана ата-энелердин кызыкчылыгына ылайык тандоо сабактарынан, курстарынан, кружокторунан турган мектеп компоненти болушу мүмкүн.




Республикалык компонент КР БМ, регионалдык компонент областык (шаардык, райондук) БББ тарабынан бекитилип, милдеттүү болуп, өзгөртүүгө жатпайт жана бюджет тарабынан каржыланат. Ал эми мектеп компоненти мектеп тарабынан аныкталып, бюджет аркылуу каржыланбайт, б.а. ата-энелердин жана башкалар бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен каржыланат. ОП аркылуу тил сабактарын окутуудагы өзгөчөлүктөр, класстагы окуучулардын санына жараша айрым предметтерди бөлүп окутуу мүмкүнчүлүктөрү, эмгек практикасынын өтүү тартиби жана окуу жылынын уюштурулушу (окуу каникулдарын белгилөө) аныкталат.




Окуу Планы боюнча сабактын узактыгы биринчи класста – 40 минут, калган класстарда – 45 минутадан, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бир жумадагы максималдуу сабак окуу чеги белгиленген (1 класс – 23 саат, 5 кл. – 34 саат, 6–11 класс – 36 саат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004