Олиготрофтор (олиго... жана гр. trophe – азык) – азык зат консентрациясы аз чөйрөдө өөрчүүчү организмдер (өсүмдүктөр, микроорганизмдер). Минералдык азыктануу элементтери аз топуракта өсүүчү өсүмдүктөргө сфагнум мамык чөбү, кээ бир саз өсүмдүктөрү, бадалчалар (багульник, вереска ж. б.), ошондой эле кунарсыз гүлдүү топуракта өсүүчү кургак талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү кирет. Олиготрофтуу микроорганизмдер, демейде органикалык кислоталарды жана спирттерди азык катары пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү