Омарлар (Nephropidae) – он буттуу рактардын тукуму. Узундугу 60 см, кээде андан да ашат. Салмагы 15 кгга чейин. Сыртынан өзөн рактарына окшошаары Алдынкы эки бутунда чоң, күчтүү – кийинки эки жуп бутунда кичирээк кыпчуурлары бар. Курсагы узун келип, жазы куйрук желпүүр болуп бүтөт. Күндүз жашынып жатат, омурткасыздар менен азыктанат. 5 жылда жыныстык жактан жетилет. 50 жылга чейин жашайт – 36 түрү жылуу жана мелүүн деңиздерде кездешет. Америка, норвегия жана европа омарлары кеңири таралган. Мароккодо тамак катары пайдаланылат.

Homarus gammarus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү